Кыргызстанда экономикалык активдүүлүктүн өсүшү байкалууда. Ушул жылдын башынан 1-июлга чейин эле өлкөдө 6,8 миң жаңы чарбалык субъект, бардыгы болуп 771 миң субъект пайда болду.
Ишкердик субъектилеринин санынын көбөйүшүн 3,8 миң жаңы жеке ишкерлердин, 2,1 миң дыйкан чарбаларынын каттоосу, 500 чакан ишканалардын жана 100 орто жана ири ишканалардын ачылышы менен түшүндүрүүгө болот. Белгилей кетчү нерсе, бул мезгилде Бишкекте ишкердик активдүүлүктүн эң жогорку өсүшү байкалды. Борбор калаада 2,5 миң жеке ишкер, 200 чакан жана 100 ири компания катталган.
Мындан тышкары, Ош облусунда фермердик чарбалардын (жыл башынан бери +600), 800 жаңы жеке ишкерлердин жана 100 чакан ишканалардын өсүшү байкалган.
Ал арада Талас жана Жалал-Абад облустарынын ар биринде 100дөн - орто ишканалардын саны өскөн.