Быйыл биринчи он айда Кыргызстанда тамеки өнүмдөрүн өндүрүү 32,8%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 10 айда өлкөдө 12 миллион 561,9 миң сомдук тамеки өнүмдөрү өндүрүлгөн. Былтыр январь-октябрь айларында 9 миллион 456,9 миң тамеки өнүмдөрү өндүрүлгөн.
Белгилей кетсек, физикалык түрдө бул мезгилде өндүрүштүн көлөмү 25,8%га өскөн.