Тышкы иштер министринин жаңы орун басары министрликтин жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин жаңы орун басары Айбек Молдогазиевди министрликтин борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын августунан баштап Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө Кеңешчи - кичи элчи, 2021-жылдын февраль айынан баштап Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Кошумчалай кетсек, 10-февралдан баштап Айбек Бейшеевич бош турган кызматка дайындалган.