Росиияда жаңы автоунаалар аз сатылганы менен алардын баасы 3.5-10% өстү. Бул тууралуу Forbes билдирди.
Жыл башында заманбап автоунаалардын баасы Орусияда 5% көтөрүлсө, 10 ай ичинде баанын өсүшү 9-10% түзгөн.
Hyundai Solaris үлгүсүндөгү автоунаа 15-июндан 5-ноябрга чейин 5 миң рублга, Elantra —10 миң рублга, Sonata – 20 миң рублга кымбаттаган.
Орусияда автоунаанын сатылышы жыл башынан бери азайып кеткен. 2019-жылдын сентябрь айында жаңы автоунаалардын сатылышы, өткөн жылдын сентябрь айына салыштырып караганда, 0.2% азайганы маалымдалат. Октябрда – 5.2% азайган. Жалпы 10 ай ичинде Орусияда 1 млн 423 миң 449 жеңил автоунаалар сатылган. Бул 2018-жылдын он айы менен салыштырып караганда, 2.4% аз болгон.