Сауд Арабияда КР Элчилиги ачылды

18.12.2019, 13:00 Акчабар
Сауд Арабияда КР Элчилиги ачылды

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-декабрда, Сауд Арабиясына болгон расмий визитинин алкагында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин ачылышына барды. Бул тууралуу президенттин официалдуу сайтында маалымдалат.

Ачылыш аземине Эр-Рияддын Губернатору, Ханзаада Фейсал Бин Бандар аль Сауд, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Сауд Арабиясында жашаган мекендештер катышышкан.

Президент бул Элчилик эки өлкөнү байланыштырган көпүрө гана эмес, бекем өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.

«Тарыхый булактарга ылайык, байыркы араб саякатчылары миң жыл мурда кыргыз эли жана анын жерлери жөнүндө жазууларды калтырышкан. Демек, бул эки элдин ортосундагы байланыш байыртадан бери болгонун далилдеп турат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сауд Арабиясы араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилелерди орнотконун эске салды. Учурдан пайдаланып, эки Ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Саудга эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Тэги: посольство Германии Саудовская Аравия президент КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу