Ишемби, 16-октябрда "Демир Банктын" банк кызматтарынын айрымдары кардарлар үчүн жеткиликтүү болбойт. Бул тууралуу каржы мекемесинин сайтында маалымдалды.
Тактап айтканда, бул төлөм карталары, банкоматтар, POS-терминалдар, ошондой эле мобилдик жана интернет-банкинг менен болгон операцияларга байланыштуу.
16-октябрда саат 5:30дан 8:30га чейинки убактылуу үзгүлтүктөр техникалык иштерге байланыштуу.