Финансы полициясы Жогорку Соттун алдындагы сот департаменти тендерде бузган финансалык мыйзамдар боюнча териштирүү иштерин жүзүүдө. Жергиликтүү соттор үчүн аудио-видео фиксациялык программалар кымбат баада сатылып алынган. 14 млн сом каражат кетирилген деп билдирет финансы полициясы.
Мындан тышкары Жогорку соттун алдындагы сот департаменти 2018-жылы товарды сатып алууда мониторинг жасабай, «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамынын 1,14 беренесин бузуп, тендер өткөрүүнүн шарттарын сакташкан эмес.
Учурда мамлекеттик казынага келтирилген чыгашалар боюнча жооптуу кызматкерлер аныкталууда.