Өзбекстан алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирди

24.06.2021, 16:00 Акчабар
Өзбекстан алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирди

Өзбекстан алтын казып алуу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кирди. Бул тууралуу Forbes Дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматтарына таянып жазды.

Акыркы жылы Өзбекстан биринчи жолу 101,6 тоннадан ашык алтын өндүргөнү белгиленди. 

Forbes дүйнөдөгү эң ири ачык алтын кени - Мурунтау Өзбекстанда жайгашкандыгын, анда бирюза жана мышьяктын ири кендери бар экендигин баса белгиледи. Басылма кен дүйнөдөгү эң ири алтын запасы экендигин маалымдады. 

Ошол эле учурда рейтингдин лидери Кытай, ал былтыр 368,3 тонна өндүргөн. Экинчи орунда Орусия (331,1 тонна), үчүнчүдө Австралия (327,8 тонна) турат.

Ал эми алдыңкы ондукка АКШ (190,2 тонна), Канада (170,6 тонна), Гана (138,7 тонна), Бразилия (107 тонна), Мексика (101,6 тонна) жана Индонезия (100,9 тонна) кирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, Борбордук банк (алтындын өлкөдөгү жалгыз экспорттоочусу) жеткирүү көрсөткүчтөрүн март айынын аягында ачыкка чыгарган. Ошол эле учурда, эң аз сатылган алтын 2012-жылы - 10 тонна, эң көп 2019-жылы - 110 тонна болгон.

Тэги: золото Узбекистан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу