«Торугарт-2» өткөрмө пунктунда иш убактысы көбөйтүлүшү мүмкүн

22.12.2023, 09:23 Акчабар
«Торугарт-2» өткөрмө пунктунда иш убактысы көбөйтүлүшү мүмкүн

Президент Садыр Жапаров Нарын районундагы “Торугарт-2” жаңыланган административдик имаратын ачты.

“Торугарт-2” комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, бир эле учурда алты унаага бажы көзөмөлү жүргүзүлө турган жабык, жылууланган ангарлар орнотулду.

Мындан тышкары, өткөрүү пунктунун аймагын жакшыртуу жана эффективдүү пайдалануу максатында, эскилиги жеткен жана иштебей калган курулуштарды жана имараттарды бузуу, андан ары кошумча токтотуучу жайларды орнотуу, автотранспорттордун кыймылын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Садыр Жапаров келерки жаздан тарта 24/7 схемасы боюнча жумуш убактысынын санын көбөйтүүнү сунуштады.

Ошону менен бирге мамлекет башчы бажынын автоматташтырылган системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Тэги: новости Кыргызстана Садыр Жапаров Торугарт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу