Ноокатта аткаминерлер бюджеттен 1 млн сом уурдашкан

18.12.2020, 12:25 Акчабар
Ноокатта аткаминерлер бюджеттен 1 млн сом уурдашкан

Ош облусунун Ноокат районунда аткаминерлер тарабынан мамлекеттин бюджетинен акча уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясы маалымдады. 

 

 

«Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн «Б.С.» ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзүп, андан кийин келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн жана аталган акча каражаттарын ЖЧКнын эсептик эсебине материалдарды иш жүзүндө албай туруп которушкандыгы аныкталды», - деп жазылат маалыматта. 

 

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.


 

 

Тэги: ГСБЭП айыл окмоту

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу