ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен карызы - 670 млрд 176.7 млн $ түзгөн

23.07.2020, 16:19 Акчабар
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен карызы - 670 млрд 176.7 млн $ түзгөн

Евразия экономикалык биримдикке мүчө болгон мамлекеттердин үстүбүздөгү жылдын 1-апрелге карата тышкы карызы 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2.2% же 15 млрд долларга кыскарган. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия маалымдады.

 

Муну менен катар Армениянын тышкы карызы 8.4%, Белорусияныкы - 1.4%  жогорулаган. Ал эми Казакстандын тышкы карызы - 3.1%, Кыргызстандыкы - 0.2%, Орусияныкы - 2.5 % төмөндөгөн.

Армения менен Кыргызстандын тышкы карызынын өсүшүнүн себеби банк секторуна болгон карыздын көбөйүшү менен байланыштуу (өсүү темпи 121.1% жана 107.2% түзгөн), Белорусия жана Казакстандыкы - 139,5% жана 101,2%, Орусияда - 113,6%өсүү байкалган. 

 

2020-жылдын  1-апрелине карата, ЕАЭБдин тышкы карызы 670 млрд 176,7 млн ​​долларды түзгөн. Биримдиктеги өлкөлөрдүн карызынын түзүмүндө түз инвестициялар (ишканалар аралык насыялоо) - 241 млрд 996,1 млн долларды түзгөн. 

 

 

 

Тэги: ЕАЭС внешний долг экономика деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу