Кыргызстанга тартылган гуманитардык жардамдын көлөмү 100 млн $ жакындаган

31.12.2020, 09:41 Акчабар
Кыргызстанга тартылган гуманитардык жардамдын көлөмү 100 млн $ жакындаган

Өлкөдө коронавирус оорусу катталган күндөн тарта чет жерден келген гуманитардык жардамдын көлөмү 100 млн долларга жакындаган. 

 

 

Сырттан келген жардамдардын басымдуу бөлүгү ИВЛ-аппараттар, кычкылтек концентраторлору, тест-тутумдары, лабораториялык тесттер үчүн реагенттер, ПЦР-тесттер СИЗ жана башка медициналык жардамдар болгон. 

 

«Дипломатиялык кызматтын органдары башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен катар, Финансы министрлигине чет өлкөлүк жардамдарды тартуу маселеси боюнча кеңири жардам көрсөтүштү. Бүгүнкү күндө жалпысынан донорлор менен 774, 4 млн доллар суммасында келишим түзүлүп, анын 343, 3 млн доллары чогултулган», — деп билдирди Тышкы иштер министрлигинен. 

Кошумчалай кетсек, тартылган жардамдардын дээрлик 79% же 271.3 млн доллары - насыя катары, ал эми 72 млн доллар - грант катары берилген. 

 

Тэги: гумпомощь Кыргызстан бюджет COVID-19 внешняя помощь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу