Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачылыгы өздүк курамга кийим сатып алууга тендер жарыялады. Бул максаттарга Ички иштер министрлиги тарабынан 8 млн 930 миң сом жумшалмакчы.
Анын 6 млн 110 миң сому 2,6 миң комплект камуфляждык түстөгү күрмөгө жана талаа шымына, 320 миң сомго 100 жуп өтүк жана 2,5 млн сомго 2 миң түшүрүүчү жилет сатып алууга жумшалат.
Керектүү формалар ушул жылдын 26-майына чейин даяр болушу кажет.