Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде 12 айлык мамлекеттик казына векселдери суроо-талапка ээ болгон эмес, сатуу аз болгон. Сунушталган алты аукциондун жарымы гана өттү.
Сунуштун бир айлык көлөмү 20%га өсүп, 120 млн. сомду түздү, ал эми жалпы суроо-талап 123 млн. сомду түзүп, 9,5%га канааттандырылган.
“Рыноктун катышуучуларынын арасында векселдерге суроо-талаптын жоктугу, кыязы, кирешелүүлүгү жогору болгон кыска мөөнөттүү өнүмдөрдүн көбүрөөк жагымдуулугуна жана мамлекеттик баалуу кагаздардын жылдык эмиссиясынын жалпы түзүмүндө узак мөөнөттүү баалуу кагаздардын - облигациялардын үлүшүн көбөйтүү жолу менен мамлекеттик баалуу кагаздардын жалпы жүгүртүү мөөнөтүн жогорулатуу саясатын жүргүзүү менен шартталган”, - деп билдирет Улуттук банк.
Алсак, жүгүртүүдөгү мамлекеттик казына векселдеринин көлөмү 23,7 млн сомду түзүп, жыл башынан бери сатуу көлөмүнүн азайышынан жана сатып алуу көлөмүнүн өсүшүнөн улам 88,9%га кыскарган.
Кошумчаласак, вексел кармоочулардын структурасы да өзгөрүүгө дуушар болгон. Атап айтканда, коммерциялык банктардын жана резидент-юридикалык жактардын үлүшү көбөйгөн, бул институционалдык инвесторлордун портфелинде мамлекеттик векселдердин толук төлөнүшү менен шартталган.