Кыргызстандын мамлекеттик казына милдеттенмелери жана векселдери боюнча ички карызы 24-апрелге карата 92 миллиард 533 миллион 176,3 миң сомду түздү.
20-апрелден бери ал 90 миллион сомго өстү, бул Каржы министрлигинин 5 жылдык мамлекеттик облигацияларын жайгаштыруунун эсебинен болду.
Өткөн айда бюджетке 350 миллион сом тартуу пландалып, бирок суроо-талап аз болуп чыкты. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү 16%ды түздү.