Кыргызстандын мамлекеттик казына облигациялары жана векселдериндеги ички карызы 19-декабрга карата 134,2 млрд сомду түздү.
15-декабрга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго көбөйгөн. Көбөйүү жүгүртүү мөөнөтү жети жылдык казыналык облигацияларды жайгаштыруунун эсебинен болду.
Мамлекеттик баалуу кагаздар 15-декабрда 16,3% кирешелүүлүк менен жайгаштырылган.