«Керемет Банктын» ижара акысы канча доллар?

14.02.2024, 17:15 Акчабар
«Керемет Банктын» ижара акысы канча доллар?

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова “Керемет банктын” имаратын ижарага алуу 60 миң доллар экенин айтты. Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев депутаттардын сын-пикирлеринен кийин 2021-жылы ижара акысы 36 миң долларга түшүрүлгөнүн айтты.

“Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы имараттардын бирин карап чыгууну суранганбыз. Ал эми ижарага төлөгөн акчаңар кайра республикалык бюджетке түшмөк, а силер жеке менчиктен имаратты ижарага алып жатасыңар”, - деп нааразы болду депутат.

Улуттук банктын башчысы банктар үчүн имараттарга белгилүү бир талаптар бар экенин түшүндүрдү. Бул сервер бөлмөлөрүнө жана акча сактоого тиешелүү.

“Жөн эле жер таап, ал жакка көчүү кыйын. Бирок ушундай милдетти койсоңуз, Министрлер кабинети менен бул маселенин үстүндө иштейбиз”, - деп жыйынтыктады Бөкөнтаев. 

 

 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Керемет Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу