Кыргызстанда электрондук тамекилердин айлануусун эч ким көзөмөлдөбөйт

20.03.2019, 10:00 Акчабар
Кыргызстанда электрондук тамекилердин айлануусун эч ким көзөмөлдөбөйт

 Кыргызстанда электрондук сигарет жана анын кошулмаларын көзөмөлдөө жасалбайт. Ошондуктан, Кыргызстанга алынып келинген  кызуучу тамекилер менен алардын кошулмалары контрабандалык жол​ менен алынып келлүүдө. Бул тууралуу  экономика жана фискалдык саясат комитетинде  депутат Азамат Арапбаев билдирди.

«Бүгүнкү күнү  өлкөгө алынып келип жаткан кызуучу тамекилер менен алардын кошулмалары контрабандалык жол менен келүүдө» – деп билдирди ал.

Учурда электрондук сигареттерди  ташып келүүгө тыюу салган  ошол эле учурда  бул кызуучу тамекилер  жана алардын кошулмаларын импортто көзөмөлгө  алынбайт. Азыр  Кыргызстанга канча продукция импорттолуп жатканын  жана алардын калктын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу эч кимдин маалыматы жок. 

« Бул товарлардын баардыгы мамлекеттик текшерүүгө  кирбей калган. Ошондуктан, аксиздик салык киргизүүнү сунуштайбыз»– деп билдирди парламентарий.

Экономика министрлиги бул демилгени колдоп жатат. Алгачкы баскычта 0% ага. Ошентип, министр  Олега Панкратовдун пикиринде,  КР  кирген күйүүчү сигареттер менен  анын кошулмаларын  көзөмөлдөгө болот. 

«Биз  учурда кырдаалды  талдап чыгабыз. Аксиздер ноль болгон менен  ишкерлер отчет берүүгө тийиш болот» – деп билдирди ал.

Учурда Салык Кодексине жаңы аксиздик салыктарды киргизүү  каралууда.  2020-жылдан тарта  никотинкошулмасы бар суюктуктар  менен кызуучу табак  продукцияларына салык саылынат Эгерде мыйзам долбоору жактырылса кальяндарга дагы салык салынат.

Айтмакчы, кошумча салыктарды киргизүү Евразия экономикалык  биримдигине   каршы келбейт. Анткени, дал ушундай мыйзамдар биримдикке кирген  мамлекеттерде кирген.  

Тэги: акциз налоги кальяны Электронные сигареты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу