Ушул жылдын I кварталында “Wildberries” платформасында Кыргызстандын товарлары жакшы өткөн. Бул тууралуу аталган платформанын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өтүмдүүлүгү жогору болгон кыргызстандык товарларга төмөнкүлөр кирет:
- тиричилик буюмдары (+972%);
- пардалар жана аксессуарлар (+713%);
- баш кийимдер (+1000%);
- оюнчуктар (+682%);
- идиш-аяк жана шаймандар (+460%);
- ымыркайлар үчүн ич кийим (+470%);
- бут кийим (+348%);
- кийим (+314%);
- колдон жасалган буюмдар (+364%);
- азык-түлүк (+107%).