«Wildberries» платформасында Кыргызстандын товарлары жакшы өтүүдө

01.05.2023, 12:18 Акчабар
«Wildberries» платформасында Кыргызстандын товарлары жакшы өтүүдө

Ушул жылдын I кварталында “Wildberries” платформасына 1,7 миңден ашык кыргызстандык бренд кирген. Мындан улам бул онлайн платформада ата мекендик продукцияны сатуу 4,7 млрд. рублга чейин өстү. Бул тууралуу аталган соода аянтчасынын басма сөз кызматы билдирди.

Платформада катталган жергиликтүү ишканалардын жалпы саны 3,3 эсеге көбөйүп, 8183кө жеткен. Алардын көбү аялдардын жана өспүрүмдөрдүн кийимдери, балдар товарлары жана китептер сегменттеринде пайда болгон.

Аталган соода платформасында тамак-аш өнүмдөрү, интерьер элементтери, тиричилик буюмдары, оюнчуктар, балдар кийимдери, ошондой эле косметика жана парфюмерияны өндүрүүчүлөрдүн продукциялары эң көп суроо-талапка ээ. 

Жергиликтүү өнүмдөр экспортунун көлөмү жылына 4 эсеге өстү, Кыргызстандын товарларына эң жогорку суроо-талап Арменияда (+340%), Беларуста (+271%) жана Россияда (+309%) өстү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу