Франциялык Worldline Европадагы төртүнчү ири төлөм операторун ачуу үчүн, өзүнүн атаандашы болуп эсептелинген Ingenico компаниясын сатып алат. Бул тууралуу Forbes порталы билдирди.
Макулдашуунун негизинде Ingenico 7.8 млрд € бааланган. Reuters билдиргендей, Ingenico компаниясынын азыркы коюлган баасы, өз баасынан 16% жогору болгон. Компаниянын келишими 2020 - жылдын III кварталында бүткөрүлөт.
Worldline компаниянын акционерлери 65% үлүшкө ээлик кылышат. Башкы директору болуп, Жиль Грапинэ эсептелинет.