Жапония Кыргызстандан жумушчу тартууга кызыкдар

28.06.2021, 14:00 Акчабар
Жапония Кыргызстандан жумушчу тартууга кызыкдар

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев "Гармония" Ассоциациясынын аткаруучу директору Ван Ен Чанг менен кыргыз жарандарын жапон ишканаларында жана мекемелеринде жумушка орноштуруунун келечегин талкуулады, деп билдирди тышкы иштер министрлиги.

Мындан тышкары, Арстанбаев жапон тарапка Кыргызстандын кадрдык потенциалы жөнүндө маалымат берди, ошондой эле жапон жумуш берүүчүлөрүнүн чет элдик жарандарга карата шарттары жана талаптары жөнүндө сурады.

Өз кезегинде Ван Ен Чанг "Гармония" ассоциациясынын ишмердүүлүгү жана Нагоя, Гифу жана Ми шаарларында өзүнүн компаниясы тарабынан чет өлкөлүк техникалык стажерлорду даярдоонун шарттары жөнүндө актуалдуу маалыматтарды берди.

Учурда Жапония адамдык ресурстарга муктаж болуп жатканы белгиленди.

Тэги: экономика мигранты трудоустройство Япония

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу