Ыкчам штаб: Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт

09.04.2020, 10:30 Акчабар
Ыкчам штаб: Дыйкандарга жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт

Фермерлерге жазгы-талаа иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү көмөктөр көрсөтүлөт. Бул туурасында КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары аталган маселеге көңүл буруусу тийиш.

«Дыйкандардын, айыл чарба техникасынын кыймыл-аракетине кыйынчылыктар жаралбашы керек. Айрым айылдарда орнотулган посттор жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук түзбөшү керек. Бул маселени иретке келтирүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.

Мындан тышкары, коронавирустун жайылыш абалын мониторингдөө боюнча автоматташтырылган тутумдун бетачары болду, анда коронавирус менен ооруган жарандардын, алар менен катнаш болгондордун, карантиндеги адамдарын орду боюнча бирдиктүү эсеп жүргүзүлөт.

Жергиликтүү бийлик органдарына маалыматтарды тутумга ыкчам киргизүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, аларга калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү боюнча ишти күчтөндүрүү тапшырылды.

 

Тэги: Ыкчам штаб дыйкандар жазгы-талаа иштери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу