Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев катышты.
ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен башталды. ФАПтын жаңы имаратын 2024-жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле ФАП керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалат.