Ысык-Көлдө "Глобус" жана "Азия" гипермаркет түйүндөрүндө желим баштыктардын ордуна эми кагаз баштыктар колдонулат. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Монополияга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев “Глобус” жана “Азия” соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда 2023-жылдын 21-июнунан тартып күчүнө кирген “Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык аймагында желим баштыктарды колдонууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө” 1-1-пункттун талаптары талкууланды.
Чарбалык субъектилердин өкүлдөрү бул идеяны колдоп, полимер пленкалуу баштыктарды кагаз жана чүпүрөк баштыктарга алмаштыруу иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Өз кезегинде Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы А.Ахмеджанова кагаз баштыктарды чыгарган ишканалар жана алардын өнүмдөрүнүн баалары тууралуу маалымат берди.