Ысык-Көл облусунда тигүү цехтерине 1000ден ашык жумушчу жетишпейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун ишке орноштуруу кызматтары менен болгон жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, облуста 14 ишкана 45 миң сомго чейин айлык акы сунуштаганы менен жумушчулар жок.
Полотова жумушка орношууну каалагандарды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жандантууну тапшырды.