Бишкек жана Ош шаарларында Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана Айыл чарба министрлигинин катышуусунда Кыргызстанда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча семинар өттү.
Семинарда кластерлерди өнүктүрүү боюнча Кореянын тажрыйбасы көрсөтүлдү. Кореянын Айылдык экономика институтунун сунуштарын эске алуу менен "Кыргызстанда мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын долбооруна" өзгөчө көңүл бурулду.
Кошумчалай кетсек, бул долбоорду иштеп чыгуу KOICAнын “Кыргыз Республикасындагы айылдарды комплекстүү өнүктүрүү” долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат.