Мамлекеттик өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети түштүк кореялык GOPPE.C.C. KOREAHOLDING компаниясы менен бирге кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Эки тарап мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында ГЭС куруу иштеринде бирге кызматташмакчы.
Түштүк Кореядан келген компания ГЭС курулушунда эң жогорку долбоорду ишке ашырат. Бирге кызматташтык аркылуу КР энергетика тармагындагы эффективдүүлүктү, коопсуздукту күчөтүп, жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эске сала кетсек, макулдашуу энергетиканы кайра жандандыруу боюнча Сеул шаарында өткөрүлгөн Корея эл аралык конференциясында жүргүзүлгөн.