2019-жылдын январь-октябрь айларында чыгарылган ички дүң продукт 455 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь-октябрь айына салыштырмалуу 5.7% көбөйгөн. Кумтөр ишканасынын ИДП көлөмүн кошпогондо 406 млрд сомго жетип, өткөн жылдын январь-октябрь айларынан 3.3% көп болгон.
ИДПнын өсүүсү өнөр-жай, курулуш, айыл-чарба жана кошумча кызматтардан көз каранды. Товар өндүрүшүнүн көлөмү 2018-жылдын январь-октябрь айларына салыштырып караганда, 7.5% көп болуп, 109% түзгөн.
ИДПнын түзүлүшүндөгү кызмат көрсөткөн тармактан эң көп үлүш (44.1%), өткөн жылдын январь-октябрь айына салыштырмалуу, 1.6% аз болгон, товар өндурүүчүлөрдүн үлүшү 2.6% көп болуп, 41.7% түзгөн. Өндүрүш тармагынын үлүшү 20.3% түзүп, өткөн жылдан 2.2% көп болгон, курулуш тармагы - 7.9% түзуп, өткөн жылдан 0.4% көп болгон.