Бир айда Улуттук банк алтын куймаларын 400 млн сомго сатты

12.07.2022, 12:48 Акчабар
Бир айда Улуттук банк алтын куймаларын 400 млн сомго сатты

Улуттук банк 1-марттан 31-мартка чейин калкка 400 миң сомдон ашык суммага 5 миңден ашык өлчөнгөн алтын куймаларын берди. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын февраль айында Улуттук банктын алтын куймаларына болгон кызыгуу кескин өскөн. Март айынын ичинде куймалар мурунку алты жылга салыштырмалуу 3,2 эсе көп сатылган. 2015-жылдан 2021-жылга чейин 1 миң 536 даана сатылган.

"Инвесторлордун алтынга болгон кызыгуусу адаттагыдай эле экономикалык кризис учурунда, валюталар катуу туруксуздукту көрсөткөндө жогорулайт. Биз муну 2008-жылы жана 2014-2015-жылдары байкаганбыз", - деди Аида Карабаева.

Ал кошумчалагандай, Улуттук банк 1 граммдан 100 граммга чейинки алтын куймаларын сунуштайт. Баа күн сайын Лондон фондулук биржасынын фиксингинин негизинде түзүлөт жана Улуттук банктын сайтында жарыяланат.

Тэги: золото золотые мерные слитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу