Кыргызстандын дүң резерви октябрдын аягына карата 3 миллиард 149,91 миллион долларды түздү, деп билдирди Улуттук банк.
2021-жылдын сентябрь айында дүң резервдер 3 миллиард 241,14 миллион долларды түздү, бул быйылкы рекорддук сумма. Сентябрга салыштырмалуу запастар азайган, бирок жалпысынан жогору бойдон калууда.
Эске сала кетсек, ушул жылдын январь айында дүң резерв 2 миллиард 742,02 миллион долларды, ал эми былтыр октябрда 2 миллиард 944,20 долларды түзгөн.