2019-жылдын жарым жыл ичинде туризмдин ИДПга болгон үлүшү 4.3% түзгөн

06.11.2019, 09:50 Акчабар
2019-жылдын жарым жыл ичинде туризмдин ИДПга болгон үлүшү 4.3% түзгөн

2019-жылдын алты айында туризмдин ИДПга болгон үлүшү 4.3% түзгөн. Бул тууралуу туризм тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча мекемелер аралык комиссиянын отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. 

Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, КР туризм тармагы динамикалуу өсүп келе жатат, Кыргызстанга келген туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө, түшкөн салыктын көлөмү өсүдө жана өлкөдөгү туризмдин ИДПга болгөн үлүшү өсүп жатат. 

Жыйында гиддердин ишмердүүлүгүн, туристтик объектилердин инфраструктурасын жакшыртуу жана туристтердин саякаттоо учурунда коопсуздугун сактоо, визасыз өлкөгө киргизүү жана виза алуудагы жеңилдиктерди кароо андан сырткары, өлкө региондорундагы туристтер үчүн  милиция кызматкерлерин коюу керектиги тууралуу маселелер каралды. 

Андан сырткары, Алтынай Өмүрбекова жыйындын катышуучуларына туризмди өнүктүрүүдө  өкмөт тарабынан иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. 
 

«Туризм тармагын өнүктүрүү максатында өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы бекитилген. Бул жылы Аба кодексине өзгөртүүлөр– Кыргызстан аба эркиндигинин бешинчи даражасын жарыялап жана «Ачык асман» саясаты  киргизилген. 2019-жылда кабыл алынган мыйзамга ылайык, «Айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн визасыз 60 күнгө киргизүү, 2020-жылдан 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган. 

  Кыргызстан КМШ өлкөлөр ичинен өнүккөн араб мамлекеттеринин Жакынкы Чыгыш жарандары үчүн  жеңилдетилген виза берген алгачы мамлекет. Ошол себептен, бул өлкөлөрдөн келген туристтердин саны жогорулады. Андан сырткары, өкмөт тарабынан чет элдик жарандардын 5 – 15 адамдан турган туристтик топтору үчүн жеңилдиктер каралган», –  деп билдирди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова. 

 

 

Тэги: ВВП туризм программа развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу