Комбанктар жапа чеккен баткендиктерге 5 млрд сомдон ашык каражат беришти

14.06.2023, 12:39 Акчабар
Комбанктар жапа чеккен баткендиктерге 5 млрд сомдон ашык каражат беришти

Кыргызстандын финансы-кредиттик уюмдары 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган жарандарга 52 миңден ашык насыя берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Улуттук банк тарабынан "Баткен облусунун аймагындагы насыя алуучуларга насыя берүү боюнча айрым убактылуу чечимдер жөнүндө" токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алынат.

ФКОнун жогорудагы чечимин аткаруу максатында Баткен облусунун кредит алуучуларын насыялоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү. Алсак:

  • 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-майына чейин ФКО тарабынан 5 млрд 692,5 млн сомго 52 миң 95 кредит каралып, артыкчылыктуу тартипте берилди;
  • "Кепилдик фонду" ААКсы 374,1 млн сомдук 381 кредит боюнча 177,3 млн сомдук 376 кепилдик берди.

Тэги: экономика помощь баткенцам ФКО новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу