Алты ай ичинде Кыргызстанга чет мамлекеттерден 13 млрд сомго дары-дармектер менен медициналык товарлар алынып келинген. Бул тууралууCOVID-19боюнча Республикалык ыкчам штабынын отурумунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Ошондой эле өкмөт башчы 21 июлдан тарта Кытай менен Индиядан дары-дармектердин чоң партиясы келе тургандыгын белгиледи.
«Кыргызстандын борборунда кырдаал турукташууда, коронавирустан айыккандардын саны ооруп калгандардан ашты. Ал эми аймактарда, тескеринче, оору жугузуп алгандардын саны өсүүдө»,-деди Кубатбек Боронов.