Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат

24.04.2020, 09:17 Акчабар
Жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат

Аралыктан окутуу маалында Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат жана төлөнүп берилет. Административдик, техникалык жана кенже персоналдар да маянасын колуна алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышынын алдын алуу максатында 8-апрелден тарта билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөрүлгөн.

«Педагогдук курам аралыктан өз милдеттерин аткарып жатышат. Бирок билим берүү уюмдарында алардан сырткары административдик, техникалык жана кенже кызматкерлер да иштейт. Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн айлык-акы жалгыз киреше булагы болгондуктан, маянасы сакталат», — деп жазылат маалыматта. 

Эске салсак, аралыктан окутуу башталганга чейин (16-март - 8-апрель) билим берүү уюмдары шартка жараша узартылган каникулга чыгарылган. Тармактагы кызматкерлердин айлыгы анда да толук сакталган.

Тэги: зарплата дистанционное обучение КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу