Казакстандын мамлекеттик башкаруу, коргоо жана милдеттүү соуиалдык камсыздоо тармагында иштеген кызматкерлер орточо эсеп менен 162 миң теңге (382 $), бир жыл мурункуга салыштырмалуу 20% көп айлык акы алышат. Бул тууралуу Finprom.kz порталы билдирди.
Белгиленгендей, 2020-жылдын I кварталында мамлекеттик башкаруу, коргоо жана милдеттүү соуиалдык камсыздоо тармагында иштеген кызматкерледин саны 412.2 миңди түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 0.5% көп. Кызматкерлердин иш жүзүндөгү саны 397,3 миң адамды түздү, 2019-жылга салыштырмалуу -0.5% аз.
Региондордун ичинен Нур-Султан шаарындагы аталган сектордо иштеген кызматкерлер - 254.2 миң теңге (599 $), Алматыдагы кызматкерлер - 184.6 миң теңге (435 $) жана Кызылордо облусундагы кызматкерлер - 172.7 миң теңге (407 $) эмгек акы алышат.