ФОЭС жана Эл аралык аудиттин стандарттарын мамлекеттик тилге которуу аяктап калды

17.02.2022, 09:02 Акчабар
ФОЭС жана Эл аралык аудиттин стандарттарын мамлекеттик тилге которуу аяктап калды

Аудит жана каржылык отчёттуулукту өнүктүрүү долбоорунун алкагында, Финансалык отчёттуулуктун эл аралык стандарттарын (ФОЭС) жана Аудиттин эл аралык стандарттарын (АЭС) мамлекеттик тилге которуу иштери аягына чыгып калды.

Аталган тармактагы лингвистикалык котормолорду “Кыргыз форум” ЖЧКсы ишке ашырууда.

“ФОЭС менен АЭСтин мамлекеттик тилге которулушу аны практика жүзүндө колдонууга жакшы тепкич болуп берет”, - деген оюн билдирет Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

Жогоруда аталган көзөмөлдөө кызматынын буйругунун негизинде түзүлгөн көзөмөлдөө комитети 2022-жылдын февраль айынын 8нен 12не чейин ФОЭС менен АЭСтин кыргызчага которулган тексттерин текшерүүгө алды. 

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 1-октябрында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен ФОЭС боюнча кеңеш кичи жана орто ишкерлик үчүн орус тилиндеги ФОЭС менен АЭСти, мамлекеттик тилге которулган стандарттарды кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө лицензиялык макулдашууга кайрадан кол коюшкан.

Тэги: Финнадзор МСФО МСА госязык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу