Өзбекстан ИӨБ менен биргеликте 1,2 млрд долларлык долбоорлорду ишке ашырууда

07.03.2024, 10:51 Акчабар
Өзбекстан ИӨБ менен биргеликте 1,2 млрд долларлык долбоорлорду ишке ашырууда

Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов менен Ислам өнүктүрүү банкынын Аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ибрагим Шукри биргелешкен долбоорлордун учурдагы портфелинин аткарылышын талкуулашты. Бул тууралуу Өзбекстан департаментинин кызматы билдирди. 

Жалпы суммасы 1,2 млрд долларды түзгөн 8 биргелешкен долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, аларды тездетүү боюнча конкреттүү иш-чаралар иштелип чыкты. 

Жолугушуунун жүрүшүндө кономиканын приоритеттүү тармактарында кызматташуунун бир катар келечектүү багыттары, атап айтканда, жалпы суммасы 434 млн долларды түзгөн төрт инновациялык долбоор талкууланды. 

Эске салсак, Өзбекстан 2003-жылы ИӨБга мүчө болгон. 

 

Тэги: Өзбекстан ИӨБ кызматташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу