Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында "Балыкчы - Каракол" жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Атап айтканда, ал узундугу 141 км саналган "Балыкчы - Барскоон" унаа жолунун тилкесин барып көрдү.
"Бүгүнкү күндө мында 0-25 км чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90% бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз кызматы.
Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү төрт тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланаары күтүлүүдө.