Жалал-Абад шаарында «JIGER 2023» бизнес-форуму өттү

20.03.2023, 10:22 Акчабар
Жалал-Абад шаарында «JIGER 2023» бизнес-форуму өттү

Жалал-Абад шаарында “JIGER 2023” бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, өлкөнүн 7 облусунан келген жана жергиликтүү ишкерлер катышты. 

“Форумда ишкерликтеги инновациялар, санарип, жашыл жана креативдүү, заманбап экономика тууралуу маалымат берилип, келген спикерлер жаштардын өз ара аракеттенүү процесстерин өнүктүрүүгө, жаштардын демилгелерин ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун коомдук жана кесипкөй жөндөмдөрүн өрчүтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жаатында маалыматтарды беришти”, - деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары өндүрүштүк ишканалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган бизнес-форумга 500дөн ашык ишкерлер катышты.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу