Жалал-Абадда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулууда. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана былтыр калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен салынып жатат.
Тагыраагы, заводго 133 млн сом сарпталат. Курулуш иштери ушул жылдын июль айында аяктайт деп күтүлүүдө. Анын алкагында шаардан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.