Жалал-Абаддагы психикалык саламаттык борборуна кошумча имарат салынат

15.05.2023, 14:53 Акчабар
Жалал-Абаддагы психикалык саламаттык борборуна кошумча имарат салынат

Жалал-Абад облустук психикалык саламаттык борборуна кошумча жаңы имарат куруу иштери башталды. Курулуш "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.   

Маалыматка ылайык, 13-май күнү имараттын пайдубалына капсула салынды. Имарат ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлөт.

Жаңы курулуп жаткан имарат бир кабаттан туруп, анда ашкана, бейтаптарга кеңеш берүү бөлмөлөрү жайгашат. 

Эскерте кетсек, аталган психикалык саламаттык борборунда облус боюнча 8 миңге жакын жаран каттоодо туруп, жылына 1000дей бейтап дарыланып чыгат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу