Жапаров «Кыргызшампаны» ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

12.02.2022, 13:08 Акчабар
Жапаров «Кыргызшампаны» ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Кыргызшампаны» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Министрлер кабинетинин башчысы шарап жана арак продукциясын куюучу аппараттык цехти кыдырып чыгып, алкоголдук продукцияларды сактоонун шарттары жана технологиясы менен таанышты.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө комбинатта 35ке жакын кызматкер эмгектенет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу пландаштырылууда, анда жумушчу орундарынын саны 100 адамга чейин көбөйөт.

Жапаров белгилегендей, алкоголдук продукцияны өндүрүүдө кластердик механизмди колдонуу зарыл, мында ата мекендик өндүрүштөгү чийки зат жана ага тийиштүү продукция пайдаланылат. 

Ал белгилегендей, мамлекет салыктарды так төлөп, элди иш менен камсыз кылып жаткан кичи жана орто бизнести колдоого алат.

«Министрлер кабинетинин негизги максаты – бизнести көмүскөдөн алып чыгып, контрабанданы толугу менен жок кылуу. Күч-аракетибизди бириктирүү менен гана коюлган максатыбызга жете алабыз», - деп жыйынтыктады Жапаров.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу