Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сапардын жүрүшүндө Жапаров тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору, ошондой эле руданы казып алуу технологиясы менен таанышты.
Андан соң Жапаров алтын чыгаруучу фабрикага барып, өндүрүштүк таштандылар топтолуучу калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, экологиялык жана өнөр-жай коопсуздугунун так сакталышы, ошондой эле ишканадагы эмгектин корголушу зарыл экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы кен иштетүү компаниясынын жамааты жана жетекчилиги менен жумушчу кеңешме өткөрдү, анда «Алтынкен» ЖЧК өнүгүү келечеги жана көйгөйлөрү талкууланды.
Маалым болгондой, Чүй облусунун жергиликтүү бийлик органдарына «Алтынкен» ЖЧКсына кызматкерлерди ишке алууда ортомчу уюмдардан кызмат көрсөтүүнүн баасын жогору баалагандыгы боюнча даттануулар түшүүдө.
Жапаров мындай иш-аракетерге жол берилбеши тийиштигин белгиледи.
Белгилесек, Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү боюнча лицензиянын ээси «Алтынкен» кытай компаниясы саналат, компаниянын 60% үлүшү – кытай тарапка, ал эми 40%ы «Кыргызалтын» ААК тийиштүү.
Бул кендеги алтындын болжолдуу запасы 78 тоннаны түзөт. Мында алтын менен катар күмүш, жез алынат. Жумуш орундарынын саны 987 адамга каралса, анын 917синде Кыргызстандын жарандары эмгектенет.