Жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды

21.03.2024, 16:15 Акчабар
Жаңы ат майдандын курулушуна капсула салынды

Бүгүн президент Садыр Жапаров Бишкектин батыш тарабында жайгашкан жаңы Ак кула ат майданынын курулушуна капсула салды. 

Жаңы ипподромдо “ат чабыш”, “жорго салыш”, “көк бөрү”, “кыз куумай” сыяктуу түрдүү ат оюндары өткөрүлөт. Жаңы ат майдандын имаратында соода борбору, мейманкана, тамактануучу жайлар жана башка шарттар болот. 

Садыр Жапаров ипподром спорттук иш-чаралардын борбору гана болбостон, жарандардын эс алып, күчүн толуктай турган жайга айланарын билдирди.

Көк бөрү оюндарын көрүүгө ипподром 10 миң, ал эми башкы арена 20 миң орундуу болот деп пландалууда. 

Эске алсак, мурдагы ипподром болгону 3 миңдей кишиге ылайыкталган, анын аянты 57 гектарды түзгөн. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнгөн.

Тэги: ат майдан капсула

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу