Жыл башынан бери 23 миңдей жаранга техпаспорт берилди

15.11.2023, 17:40 Акчабар
Жыл башынан бери 23 миңдей жаранга техпаспорт берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери 22 миң 412 жаранга техникалык паспорт, 33 миң 747 жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берилди. Бул тууралуу "Акчабарга" Айыл чарба министрлигине караштуу Жер кызматынын директорунун орун басары Турсунбек Кубанычбеков билдирди.  

Анын айтымында, Кыргызстанда жерди өз билемдик менен мыйзамсыз басып алуу маселеси Ош, Бишкек, тагыраагы Сокулук, Аламүдүн жана Кара-суу райондорунда болууда. 

Ошондой эле, трансформацияланган жерлердин аянты 8 миң 484 гектарды түзөт.  

Жер мунапысынын объектиси болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) боюнча иштер бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлүүдө.

 

Тэги: техпаспорт трансформация жер мунапысы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу