Akchabarsearch
Израилдик инвесторлор кыргыз компанияларына 13,5 млрд сом инвестиция салышты
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2024-19-11, 10:08

Израилдик инвесторлор кыргыз компанияларына 13,5 млрд сом инвестиция салышты

2024-жылдын тогуз айында чет элдик инвесторлор Кыргызстандын баалуу кагаздарына 20,84 млрд сом инвестиция салышкан. Сентябрда  эле 3,59 млрд сом инвестиция салынган. Бул тууралуу "Акчабарга" Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.

Эске салсак, 2023-жылы “Акчабар”, Кыргызстандын баалуу кагаздарына чет өлкөлүк инвестициялар рекорддук көрсөткүчкө жетип, 26,4 млрд сом болгонун жазган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 21,7 эсеге көп. Бирок быйылкы жылдын тогуз айындагы инвестициянын көлөмү андан да ашары күтүлүүдө. 

Инвестициялардын көлөмү кескин өсүп, аны менен бирге инвестиция салган негизги өлкөлөр өзгөргөн. 2022-жылы ата мекендик компаниялардын баалуу кагаздарына чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмү 450,93 млн сомду гана түзгөн. 2022-жылы инвестиция Орусиядан (236,4 млн сом), Түштүк Кореядан (64,75 млн сом) жана БАЭден (49,5 млн сом) келген.

2023-жылы салынган инвестицияларда чоң өзгөрүү болгон. Инвестициялардын көлөмү 22,6 млрд сомго чейин өскөн. Негизинен БАЭнин эсебинен 15,27 млрд сом инвестицияланган. Ошондой эле, Орусия инвестициянын көлөмүн 23,5 эсеге жеткирип (5,55 миллиард сом), экинчи орунду ээлеген. 

2024-жылдын тогуз айында чет элдик инвесторлордун арасынан Израил эң көп - 13,5 млрд сом инвестиция салган. Муну менен быйыл Израил облигацияларга жана кыргыз эмитенттеринин акцияларына бардык чет өлкөлүк инвестициялардын 64,8%ын берди. Экинчи орунду 3,7 млрд сом инвестициянын көлөмү менен Дубай ээлесе, үчүнчү орунду Башкортостан ээледи, бул өлкөлүк инвесторлор 1,7 млрд сом салган.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын аягында Кыргызстандагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде кыргызстандык эмитенттердин баалуу кагаздарынын 3,5 миң гана чыгарылышы катталган. Ал эми эмиссиянын жалпы көлөмү 670 млрд 473,55 млн сомго бааланган, акциялардын үлүшү 79,59%, же алардын эмиссиясы 533 млрд 650,32 млн сомго бааланган. 


Тектеш материалды окуу

  • Бишкектеги аптап: арзан кондиционер эмне үчүн кымбатка түшүшү мүмкүн

    Бишкектеги жай барган сайын шаар тургундарын чыдамкайлыкка сынап жатат. Аномалдуу ысык, абанын жогорку температурасы жана дем кыстыккан аба - кондиционерди жөн гана ыңгайлуулуктун каражаты эмес, дээрлик зарыл нерсеге айлантты. Батирлерде, кеңселерде, дүкөндөрдө жана мамлекеттик мекемелерде климаттык жабдуулар дээрлик тынымсыз иштеп жатат
    2026-18-07 11:48:40
  • «Жашыл» реновация: 12 үйдө энергия үнөмдөлдү

    Бишкекте “Кыргызстандагы жашыл реновацияга ички мигранттарды тартууга көмөктөшүү” аттуу долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Долбоор Бишкек, Ош шаарларын жана өлкөнүн жети облусун камтыды. Адистер шаарлардагы абанын сапатын жакшыртуу жана өлкөдөгү жалпы экологиялык абалды оңдоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана сунушталган чечүү жолдору тууралуу маалымат беришти.
    2025-18-08 10:25:09
  • Кайра жаралуучу энергия объекттерин куруу үчүн жер тилкелерин трансформациялоо

    Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун мурдагы директору Кундус Кырбашева менен маек.
    2025-03-02 09:49:15
  • АКШ Париж келишиминен чыгууда, Кыргызстан келишимди колдойт. Климаттын күн тартиби эмне болот?

    Инаугурациядан бир нече саат өткөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ климат боюнча Париж келишиминен чыгып жатканын жарыялады. 2015-жылдагы климаттык келишим өлкөлөрдү глобалдык жылуулукту өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5°C жогору кармап туруу үчүн парник газдарынын эмиссиясын кыскартууга милдеттендирет.
    2025-22-01 11:01:32