Akchabarsearch
Биг Мактан да чоң мааниге ээ. Кыргызстанга «Вкусно — и точка» эмне берет?
Сүрөт алынган жер: иллюстративное

Жарыяланган

2026-06-11, 15:49

Биг Мактан да чоң мааниге ээ. Кыргызстанга «Вкусно — и точка» эмне берет?

“Вкусно — и точка” тармагынын Кыргызстанда ишин баштоо үчүн команда түзүү тууралуу ички жарыясына 200гө жакын кызматкер кызыгуу билдирди. Колдоо көрсөтүүчү топко жетекчилик деңгээлдеги 10дон ашык адис кирген. “Вкусно — и точка” компаниясынын адам ресурстарын өнүктүрүү жана окутуу боюнча вице-президенти Татьяна Ясиновскаянын айтымында, алардын басымдуу бөлүгүн учурда Орусияда иштеп жүргөн жана мекенине кайтууну пландаган Кыргызстандын жарандары түзөт.

Алар үчүн ресторандардын ачылышы чет өлкөдө топтогон тажрыйбасын өз мекенинде колдонуп, карьерасын улантууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Биз эмгек мигранттарынын өлкөгө кошкон салымын көбүнчө акча которуулары менен гана өлчөйбүз. Алар үй-бүлөсүнө акча жөнөтүп, жакындарын колдоп, өлкөнүн ички керектөөсүнө жана валюта рыногуна салым кошушат. Бирок мигранттардын арасында чет өлкөдө иштеп жүрүп, кесиптик тажрыйба топтогон адистер да арбын. Алар кызматкерлердин ишин уюштурууну, жаңы жумушчуларды окутууну, сапатты көзөмөлдөөнү жана жыйынтык үчүн жоопкерчилик алууну үйрөнүшкөн. Эми бул тажрыйба мекенинде да кереги тиет. Анткени жаңы ачыла турган ресторандарга жетекчилер жана насаатчылар зарыл.

“Вкусно — и точка” тармагынын Кыргызстанга келиши тууралуу сөздү дал ушул жагдайдан баштасак болот. Бирок жаңы тармактын ачылышын талкуулоо өлкөдө көп жылдар бою күтүлгөн дагы бир белгилүү брендди эске салбай койбойт.

Көпчүлүк Кыргызстанда McDonald’s ачылат деп күтүп келген. Белгилүү бренддин өлкөгө келиши жергиликтүү рынокко ири эл аралык компаниялардын да кызыгуусу артканын билдиргендей кабыл алынган. Анткени бул жөн гана бургер эмес, америкалык кинолордон тааныш тейлөө маданияты жана Бишкектин башка борбор шаарлар менен бирдей керектөө рыногуна кошулганын сезүү мүмкүнчүлүгү эле.

Борбор Азияда McDonald’s Казакстанга басым жасаган. Алгачкы рестораны 2016-жылдын март айында Астанада ачылган. Бирок 2017-жылы эле компаниянын өкүлдөрү бренддин аймактагы башка өлкөлөргө жайылуусу тууралуу кептерди четке кагышкан. Ал эми 2023-жылдын январында Казакстандагы ресторандар америкалык бренд менен иштөөсүн токтоткон. Буга продукцияны жеткирүүдөгү кыйынчылыктар расмий себеп болгон.

Эми бул аймактагы алгачкы чет өлкөлүк рыногун “Вкусно — и точка” тармагы ачып жатат. Ал ишин Кыргызстандан баштоону чечкен. Тармактын жетекчилиги корпорация менен түзүлгөн келишимге ылайык, McDonald’s иштеген өлкөлөрдө “Вкусно — и точка” ресторанын ача албасын бир нече жолу билдирген.

Бирок эки компаниянын байланышы рынок тандоо менен эле чектелбейт. Бул бизнестин тарыхын түшүнүү үчүн анын кантип пайда болгонуна кайрылуу керек.

2022-жылдын 19-майында McDonald’s Орусиядагы бизнесин Александр Говорго сатуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялаган. Ал буга чейин корпорациянын франчайзи өнөктөшү болуп, 2015-жылдан бери Сибирдеги 25 ресторанды башкарып келген. Келишимдин шарты боюнча, сатып алуучу ресторандардын ишин жаңы бренд менен улантууга тийиш болгон.

Жарыяланган келишим шарттарында кызматкерлерди кеминде эки жыл мурдагыга салыштырмалуу бирдей шарттарда жумуш менен камсыз кылуу каралган. Ошондой эле сатып алуучу келишим толук аяктаганга чейин кызматкерлердин айлыгын төлөөнү, жеткирүүчүлөр, ижарага берүүчүлөр жана коммуналдык кызматтар менен эсептешүүнү өзүнө алган.

Ал эми компаниянын алтын түстүү аркалары, аталышы жана соода белгилери McDonald’s корпорациясынын өзүндө калган. Орусиялык команда иштеп жаткан бизнести алган, бирок аны өз алдынча өнүктүрүүгө тийиш болгон. Башкача айтканда, жаңы бренд түзүп, таңгактарды өзгөртүп, менюну ыңгайлаштырып, технологиялык инфраструктураны кайра куруу зарыл эле.

Ресторандын маңдайындагы жазууну алмаштыруу оңой. Бирок кассалардын үзгүлтүксүз иштешин, азык-түлүк жеткирүүнү, кызматкерлерди окутууну жана жүздөгөн ресторандарда бирдей сапатты камсыз кылуу кыйла татаал. Компаниянын маалыматына караганда, иш кайра башталгандан кийин өзүнүн кассалык системаларын, маалыматтарды башкаруу, киберкоопсуздук жана суроо-талапты болжолдоо тармактарын өнүктүрүүгө туура келген.

Бул ишти канчалык деңгээлде жолго коюуга жетишкенин ресторандар тармагынын кеңейишинен байкоого болот. Компаниянын маалыматына караганда, 2022-жылы анын Орусияда 850гө жакын рестораны болсо, быйыл “Вкусно — и точка” өлкөдөгү миңинчи ресторанын ачты. Эми компаниянын кийинки максаты Орусиянын чегинен тышкары рынокторго чыгуу.

Беш жылда 15тен ашык ресторан жана 750гө жакын жумуш орду

Кыргызстанда франшизаны жергиликтүү “Алькрест Фуд” компаниясы өнүктүрөт. Ал “Система ПБО” жоопкерчилиги чектелген коому менен келишим түзгөн. Расмий жарыяланган пландарга ылайык, беш жыл ичинде өлкөдө 15тен ашык ресторан ачылып, 750гө жакын жумуш орду түзүлөт. Алгачкы ресторанды 2026-жылдын аягында ачуу пландалууда.

750 жумуш орду долбоордун масштабын баалоого мүмкүндүк берген конкреттүү көрсөткүч. Анын артында келечектеги кызматкерлердин айлык акысы, кесиптик даярдыгы, салык төлөмдөрү жана социалдык чегерүүлөр турат.

Эмгек миграциясынын тарыхы Кыргызстандын көптөгөн үй-бүлөлөрүнө тааныш. Ошондуктан мекенинде жумушка орношуп, кесиптик жактан өсүү мүмкүнчүлүгүн сактап калуу өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Дал ушундай мүмкүнчүлүктү жаңы ресторандар тармагы Орусиядагы ресторандарында иштеп жүргөн жана мекенине кайтууну көздөгөн адистерге түзүп жатат.

Татьяна Ясиновская айтып өткөн колдоо көрсөтүүчү команда алгачкы ресторанды ачууга көмөктөшүп, топтогон тажрыйбасын жергиликтүү адистер менен бөлүшүп, жаңы кызматкерлерди даярдоого катышат.

Келечектеги кызматкерлерди эмнеге үйрөтүү керектигин өз көзүм менен көрүү үчүн «Акчабардын» журналисти катары Москвага барып, тармактын ресторандарынын иши менен тааныштым.

Бир бургердин артында — бүтүндөй бир система

Ашкана менен таанышуу ал жакка кире электе эле башталды. Өндүрүш аймагына баруу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүп, санитардык китепче алуу талап кылынды. Жадагалса журналисттер үчүн уюштурулган экскурсияда да азык-түлүк коопсуздугунун эрежелери сакталууга тийиш.

Ашкананын ичинде кызматкерлер атайын баш кийим, халат жана кол кап кийишет. Бирок кадимки санитардык талаптардын өзүнө да көңүл бурууга арзырлык өзгөчөлүктөр бар. Мисалы, чийки эттен жасалган котлетти алуу үчүн бир жуп кол кап жетишсиз. Анын үстүнөн экинчи жуп кол кап кийүү керек.

“Чийки азыктарды бир жуп кол кап кийип турсак да, сөзсүз экинчи кол кап менен кармайбыз”, — деп түшүндүрдү ишкананын кызматкери тоңдурулган уй этинен жасалган котлеттерди көрсөтүп жатып.

Андан ары ишке атайын жабдуулар киришет. Котлеттер алдын ала белгиленген убакыт жана температура боюнча эки тарабы тең бир учурда бышырылган грилдерде даярдалат. Андан соң алар жылытылган атайын шкафка салынат да, экранда таймер иштей баштайт. Чоң көлөмдөгү котлеттерди он мүнөткө чейин гана сактоого болот. Эгер ушул убакыт ичинде буйрутмага колдонулбаса, эсептен чыгарылат.

Ал эми фри картошкасынын өз тартиби бар: куурууга үч мүнөт, даяр порцияны сатууга беш мүнөт берилет. Белгиленген убакытта сатылбаса, картошка тамак-аш калдыктарына чыгарылат. Татымалдар да болжол менен кошулбайт. Котлеттер үчүн атайын өлчөгүч, ал эми картошка үчүн өзүнчө туз салгыч колдонулат. Аны бир жолу оодарганда 2,5 грамм туз өлчөнүп чыгат.

Бул жерде дээрлик ар бир иш-аракеттин өз тартиби бар. Кызматкер ар бир азыктын канча убакытта бышарын, даяр болгондон кийин канча убакыт сакталарын жана канча өлчөмдө татымал кошуларын так билет. Бул эрежелердин сакталышына атайын жабдуулар, таймерлер жана белгиленген иш тартиби жардам берет.

Бирок азыктарды сактоо мөөнөтүнүн так чектелиши ресторандын алдында дагы бир милдетти коет: буйрутманы тез даярдап берүү үчүн жетиштүү азык бышыруу жана ошол эле учурда ашыкча чыгымга жол бербөө. Бул үчүн ресторанда сатуу көрсөткүчтөрүн талдап, суроо-талапты алдын ала болжолдоого жардам берген Production өндүрүштүк системасы колдонулат.

“Биздин максат конокторду күттүрбөө жана азыктарды жөн жерден ыргытып жибербөө. Production системасы канча жана кандай азык-түлүк керек болорун алдын ала эсептөөгө жардам берет”, — деп түшүндүрдү ишкананын кызматкери.

Бургер же фри картошкасына берилген кадимки буйрутманын артында бүтүндөй бир система турат. Суроо-талаптын болжолу канча азык даярдоо керектигин аныктайт, жабдуулар бышыруу параметрлерин белгилейт, ал эми таймерлер даяр азыктардын сактоо мөөнөтүн көзөмөлдөйт.

Мындай так тартип ашканадан тышкары, жеткирүүчүлөр менен иштөөдө да маанилүү. Бул жерде долбоордун дагы бир катышуучулары - кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн мүмкүнчүлүк жаралат.

Ресторандар тармагына азык-түлүк, таңгактоочу материалдар, транспорттук жана техникалык кызматтар керек болот. Жергиликтүү ишкана үчүн мындай ири кардар менен келишим түзүү туруктуу буйрутмаларды алууга жана өндүрүштү алдын ала пландаштырууга шарт түзүшү мүмкүн. Бирок анын ордуна сапат, коопсуздук жана жеткирүүнүн үзгүлтүксүздүгү боюнча талаптарды аткаруу зарыл.

Москвадагы байкоолорумдан улам, жеткирүүчүлөрдү тандоо жана алардын өндүрүшүн текшерүү бул тармактын күнүмдүк ишинин бир бөлүгү экенине ынандым. Кыргызстандагы потенциалдуу өнөктөштөргө да алдын ала даярдык керек болот. Сатып алуулардын канча бөлүгү жергиликтүү өндүрүүчүлөргө туура келери азырынча белгисиз. Ошондуктан долбоордун экономикалык натыйжасын акчалай баалоого эрте. Бирок жергиликтүү бизнес үчүн шарттарын талкуулай турган конкреттүү кардар пайда болууда.

Кардарлар үчүн бул татаал системанын натыйжасы жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу керек. Тактап айтканда, даамдуу тамак, жеткиликтүү баа, буйрутманы тез алуу жана таза зал. Бишкекте ачыла турган ресторандар жергиликтүү коноктордун алдында кызмат көрсөтүү сапатын далилдеши керек.

Ал эми “Биг Хит” менен “Биг Мактын” кайсынысы даамдуураак жана бири-бирине канчалык окшош экени тууралуу талкуу эми ресторандардын өзүндө, дасторкондо уланары шексиз. Компаниянын маалыматына караганда, “Биг Хиттин” өзүнө гана таандык соусу бар. Бирок акыркы бааны кардар өзү берет.


Тектеш материалды окуу

  • Алтындан түшкөн киреше: «Жерүй» Кыргызстан менен Талас облусунун экономикасына кандай таасир этет

    Дээрлик 60 млрд сом салык, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө 3,5 млрд сомдон ашык каражат жана Талас облусунун тургундары үчүн жүздөгөн жумуш орундары. Мунун баары — Кыргызстандагы ири алтын кен ишканаларынын биринин ишмердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү. «Жерүй» өлкөнүн экономикасына кандай таасир этет жана анын ишмердүүлүгүнөн аймак кандай пайда көрөт?
    2026-21-10 09:57:07
  • Шакира жана ыкчам рынок: бир концерт Кыргызстанда жаңы суроо-талапты кантип жаратат?

    Колумбиялык ырчы Шакиранын Кыргызстанда өтө турган концертине билет сатыла электе эле кызыгуу экономикалык суроо-талапты жарата баштады. Социалдык тармактарда билеттерди чогуу алуу үчүн топтор түзүлүп, коңшу өлкөлөрдөн Бишкекке келүү, мейманкана жана транспорт кызматтарына суроо-талап тууралуу талкуулар күчөдү
    2026-01-10 07:44:45
  • «Золотая Коронага» тыюу салынган жок. Бирок банктар үчүн аны менен иштөө тобокелдүү болууда

    “Золотая Корона” акча которуу системасына Кыргызстанда толугу менен тыюу салынган жок. 17-сентябрда Улуттук банк системаны эл аралык электрондук акча системасы катары каттоону жокко чыгарган. Бирок бул чечим оператордун “Платежный центр” банктык эмес эсептешүүчү кредиттик уюмунун өзүнүн арызынын негизинде кабыл алынган
    2026-23-09 05:21:32
  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42