Akchabarsearch

Жарыяланган

2026-11-02, 17:32

Кыргызстандын тигүү тармагында эмне болууда?

Акыркы айларда маалымат мейкиндигинде Кыргызстанда 3 миң тигүү цехи жабылды деген маалыматтар улам-улам айтылууда. Жеңил өнөр жайы негизги тармактардын бири болгон өлкө үчүн бул дээрлик өкүм сыяктуу угулат. Бирок тигүү өндүрүшү чындап эле жок болуп баратабы же биз тармактын өзгөрүү процессин көрүп жатабызбы? Бул суроого жооп берүү үчүн тарыхый башатына кайрылуу маанилүү.

Кыргызстандын тигүү өндүрүшүнүн тарыхы ири фабрикалардан башталган эмес. Ал Борбор Азиядагы эң чоң кийим-кече базары Дордойдон башталган.

Бажы биримдигине киргенге чейин Кыргызстан кытай товарларын реэкспорттоонун негизги хабы болгон. Дордой аркылуу кийим-кече жана текстиль Россияга, Казакстанга жана аймактагы башка өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Бул тез акча айлантууга, жогорку жүгүртүүгө жана минималдуу кайра иштетүүгө негизделген экономика эле.

Дал ушул мезгилде ишкерлер товарды толугу менен Кытайдан ташыбай эле, анын бир бөлүгүн жеринде тигүүгө болорун түшүнө башташкан.

Ошентип, алгачкы өз алдынча тигүү цехтери - негизинен 20-30 адам иштеген, көбүнчө аялдар эмгектенген чакан өндүрүштөр пайда болгон. Алар келечектеги тармактын пайдубалына айланган.

Браво тигүү ассоциациясынын төрайымы, 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар ишкер Олеся Ладыгина тармактын өнүгүшүн үч этапка бөлөт.

Биринчи этап - өсүү жана калыптануу.

Цехтердин түзүлүшү, көндүмдөрдүн тез өздөштүрүлүшү, алгачкы сатуу базарларынын пайда болушу.

Экинчи этап эң жогорку чеги.

2010-жылдан кийин тигүү тармагы өлкөдөгү эң ири иш берүүчүлөрдүн бирине айланган. Экспорт өсүп, Россия жана КМШ өлкөлөрү менен туруктуу байланыштар түзүлгөн. Кыргызстан сапаты боюнча түрк өндүрүүчүлөрү менен да атаандаша баштаган.

Үчүнчү этап - азыркы мезгил.

Эрежелердин катууланышы, сапатка, мөөнөткө жана документтерге талаптардын жогорулашы. 

Рынок татаалдашты, эми көп жумушчу иштеткен эмес, системасын туура жолго койгон ишкана утуп чыгууда.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши реэкспортту анча пайдалуу эмес кылды.

Бирок дал ушул жагдай тармак үчүн бурулуш учур болуп калды.

Реэкспорт менен алектенгендер акырындык менен өндүрүшчүлөргө айлана башташты.

Ишкер Зафар Сулайманов белгилегендей, цехтер техникалык тапшырмалар боюнча бренддер үчүн жана белгиленген стандарттарга ылайык иштей баштады. Ошентип, Кыргызстан бара-бара өзүнүн өзгөчө ордун ээледи.

Кыргызстан эч качан Кытай же Өзбекстан менен арзан массалык тигүү багытында атаандашкан эмес. Анын өзгөчөлүгү - fast fashion, башкача айтканда, тренддерге ыкчам ылайыкташкан, чакан партия менен тез жана ийкемдүү тигүү болду.

Ишкер Акылбек Космоновдун айтымында, кыргызстандык цехтер төмөнкү артыкчылыктары менен утуп келген:

  • моделдерди тез ишке киргизүү;
  • өндүрүштүн ийкемдүүлүгү;
  • жеткирүүнүн кыска мөөнөтү.

Дал ушул факторлор тармактын негизги артыкчылыгына айланган.

COVID-19 пандемиясы тигүү өндүрүшүнүн өсүшүнө күтүүсүз түрдө түрткү берген парадоксалдуу фактор болду. Wildberries жана Ozon сыяктуу маркетплейстердин кескин өсүшү кыргыз жеңил өнөр жайынын модели менен дал келген.

Бул мезгилде тармактын жүгүртүүсү рынок катышуучуларынын баалоосу боюнча жылына 1 млрд доллардан ашкан. Бул цехтердин жүктөмү эң жогорку чекке жеткен учур болгон.

Атайын аскердик операция башталгандан кийин абал өзгөрдү.

2022-жылы рублдин кескин арзандашы тигүүчүлөрдүн кирешесине түздөн-түз сокку урду. Бирок бул биринчи толкун гана болду. Негизги сокку кийинчерээк келди: Орусияда импорттук КНСтин 22%га чейин көбөйүшү; ар бир товар үчүн уникалдуу QR коду болгон "Чынчыл белги" этикеткасынын милдеттүү түрдө болушу.

Маркетплейстерде иштеген көптөгөн сатуучулар үчүн бул жаңы талаптар оор болуп чыкты. Дүкөндөр жабыла баштады. Алардын артынан буюртмасыз калган цехтер да токтоду.

2025-жылдын аягында интернетте 3 миң цех жабылды деген маалымат тарай баштады. Бирок бул маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес.

Биз тармактын абалын чагылдырган көрсөткүчтөрдүн бири катары Мадина базарындагы кездеме сатуучулар менен сурамжылоо жүргүздүк. Алардын айтымында 2025-жыл оор болду, сентябрдан тарта сатуулар кескин төмөндөдү, бирок рынок толугу менен кулаган жок.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтары да өндүрүштөрдүн бир жолку массалык жабылышын тастыктабайт. Кеп төмөндөө, убактылуу токтоп туруу жана иш моделдерин кайра түзүү тууралуу болуп жатат.

Биз Улуттук статистика комитетинин 2024-2025-жылдардын январь-ноябрь айларындагы маалыматтарын салыштырып көрдүк. Маалыматтар төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

Ири фабрикалар буга чейин эле жаңы шарттарга ыңгайлаша баштады: дүйнөлүк стандарт болуп саналган конвейердик системага өтүштү, өндүрүш процесстерин оптималдаштырышты жана чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартты.

Зафар Сулайманов белгилегендей, бул ашыкча пайда табууга умтулуу эмес, жаңы шарттарда аман калуу аракети.

Кыргызстандык тигүүчүлөргө конструктор, технолог, бычмачы сыяктуу кыйла квалификациялуу жана технологиялык багыттагы кызматтарга өтүү маанилүү, - дейт Зафар Сулайманов.

Мамлекет тармак алдында турган кыйынчылыктарды тааныйт жана колдоо чаралары көрүлүп жатканын билдирет.

Министрлер кабинетинин орун басары Данияр Амангелдиев өткөн жылы чыккан көйгөйлөр дээрлик жоюлганын, өкмөт 6% жылдык үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү системасын жолго койгонун жана тигүү секторун колдоону улантып жатканын маалымдады.

 


Тектеш материалды окуу

  • Кыргызстанга кытай картошкасы эмнеге керек болду?

    Акыркы жылдары Кыргызстанда картошка ашыкча өндүрүлүп келет. Жыл сайын бир миллион тоннадан ашык жыйналат, ал эми ички керектөө мындан төмөн. Ошого карабастан, 2025-жылдын аягынан тарта базарды кытай картошкасы каптап жатканы тууралуу маалыматтар чыгып, бул жергиликтүү калкты нааразы кылууда. Табигый түрдө “анда жергиликтүү картошка кайда кетти?” деген суроо жаралууда
    2026-10-04 06:47:42
  • Ирандагы жаңжал Кыргызстандагы айдоо ишине кандай таасир этүүдө?

    Жаз мезгили жер ойгонуп, аны менен кошо жылдын эң негизги эмгеги башталган учур. Талааларда келечектеги түшүмдүн негизи түптөлөт жана жер семирткичтер канчалык өз убагында жана туура берилгенине жараша бир гана өзүнчө чарбанын кирешеси эмес, бүтүндөй өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу да көз каранды болот
    2026-03-04 11:40:54
  • Кыргызстан Кытайга болгон карызга көз карандылыгын азайтууда

    Акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын мамлекеттик карызы олуттуу өстү, бирок андан да маанилүүсү анын түзүмү өзгөрдү. Эгер мурда негизги кредитор катары Кытай эсептелсе, азыр өлкө тышкы карыз алууну акырындап диверсификациялап, ички рынокко жана эл аралык өнүгүү каржы институттарына көбүрөөк басым жасай баштады
    2026-26-03 05:52:15
  • Кыргызстанда жумуш орундар бар, бирок тажрыйбасы жок жаштар кантип ишке орношо алат?

    Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
    2026-27-02 05:20:13