
Жарыяланган
2026-27-02, 11:20Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия бар. Расмий жумушсуздук деңгээли 1,3 пайызды түзөт – Иш менен камсыз кылуу кызматтарында 56,5 миң адам каттоодо турса, алардын 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз макамына ээ.
Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ведомствонун коллегиясында өлкөдөгү иш менен камсыз кылуу системасындагы өзгөрүүлөргө баа берип, расмий жумушсуздук көрсөткүчү 2021–2023-жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөндөгөнүн белгиледи. Бир жыл ичинде катталган жумушсуздардын саны 20 пайыздан ашык кыскарган. Бул эмгек рыногундагы чыңалуунун басаңдап жатканын көрсөтөт.
Мындай көрсөткүчтөргө жетүүгө мамлекеттин жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендердин ортосундагы ортомчулук ролу оң натыйжа берди – былтыр Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү менен 17 454 жаран жумушка орношкон.
Эмгек рыногунун түзүмү бүгүнкү күндө прикладдык жана өндүрүштүк көндүмдөргө болгон муктаждык күчтүү экенин көрсөтүүдө. Бош вакансиялардын жалпы санынан 4 251 позиция жумушчу адистиктерге туура келет. Иш берүүчүлөр тигүүчүлөрдү, айдоочуларды, ашпозчуларды, ширетүүчүлөрдү, курулуш адистерин, ошондой эле IT-адистерди издеп жатышат. Ал эми тейлөө тармагында 1 296 бош орун бар. Бул багытта тарбиячылар, медицина кызматкерлери, бухгалтерлер, администраторлор, стажерлор жана башка кесип ээлери талап кылынат.
Айлык акы тармакка жараша олуттуу айырмаланат. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, эң жогорку орточо маяна каржы тармагында — 67 миң сомдон жогору. Өнөр жай тармагында орточо эмгек акы 66 миң сомго жакын, курулушта 57 миң сомдон ашат.
Ал эми социалдык маанилүү тармактарда айлык төмөн бойдон калууда. Билим берүүдө орточо маяна 27 миң сомдун айланасында, саламаттыкты сактоодо — 28 миң сомго жакын, тейлөө чөйрөсүндө — 29 миң сомдун тегерегинде. Мындай айырма жаштардын кесип тандоосуна түз таасир этип, кадрлардын көбүрөөк маяна төлөнгөн тармактарга өтүшүн күчөтүүдө.
Тоскоолдуктар
Кыргызстанда 16дан 35 жашка чейинки жарандар калктын 35 пайызын түзүп, олуттуу экономикалык ресурс болгону менен жаштардын жумуш табуусу кыйын. Жаштарды эмгек рыногуна натыйжалуу интеграциялоо ИДПнын өсүшүн тездетип, салык базасын кеңейтүүгө жана жаңы тармактарды өнүктүрүүгө шарт түзөт. Болбосо, расмий эмес иштегендердин саны көбөйүп, тышкы эмгек миграциясы өсөт.
Министрликтин буйрутмасы менен жүргүзүлүп, 2 500 иш берүүчү жана 50 билим берүү уюму катышкан изилдөө жаштардын иш менен камсыз болуусунда бир катар көйгөйлөрдү аныктаган.

Биринчи маселе — бизнестин түзүмү. Ишканалардын 83 пайызы чакан сегментке кирет. Мындай компанияларда узак мөөнөттүү насаатчылыкка жана ички окутууга ресурстар жетишсиз. Алар дароо ишке киришип кете алган кызматкерге муктаж.
Экинчи маселе — күтүүлөр менен реалдуу суроо-талаптын дал келбеши. Иш берүүчүлөрдүн 75 пайыздан ашыгы жаштар IT жана санарип багыттарына көбүрөөк кызыгышарын белгилешет. Бирок экономикадагы негизги жумуш орундары соода, тамак-аш өндүрүшү жана текстиль тармагына туура келет. Башкача айтканда жаштардын калың тобу белгилүү бир тармактардагы кесипке окуп-үйрөнсө, жумуш берүүчүлөргө талап кылынган тармактарда окугандар аз болуп калат.
Үчүнчү тоскоолдук — практикалык көндүмдөрдүн жетишсиздиги. Айрым аймактарда компаниялардын 70 пайыздан ашыгы талапкерлерде иш тажрыйбасы жетишпей турганын айтышат. Дипломдун болушу эсеп программалары, сметалык документтер же келишимдер менен иштей билүүнүн ордун толтурбайт. Иш берүүчүлөр теориядан көрө конкреттүү милдеттерди аткарууга даярдыкты баалашат.
Мындан тышкары, жаш адистердин айлык боюнча күтүүсү да жогору — көпчүлүгү эмгек жолун 60–80 миң сом айлык менен баштоону каалайт. Чакан бизнес болсо компетенциялар өздөштүрүлгөн сайын маяна этап-этабы менен өсүүчү моделди сунуштайт.
Натыйжада “тажрыйбасыз жумушка орношуу кыйын, ал эми жумушсуз тажрыйба топтоо мүмкүн эмес” деген туюк айлампа жаралат.
Стажировка — кесипке “жумшак кирүү” жолу
Бул түйүндү чечүүнүн бир жолу катары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Жаштар стажировкасы» пилоттук мамлекеттик программасын ишке ашырууда. 2024–2025-жылдары долбоор өлкөнүн 30 пилоттук району менен шаарын камтыды.
Программанын алкагында 1 851 адам жеке жана мамлекеттик уюмдарда стажировкадан өтүп, алардын 1 332си туруктуу жумушка орношкон. Жаштар негизинен тигүү жана тамак-аш өндүрүшүндө, тейлөө чөйрөсүндө (коомдук тамактануу, сулуулук индустриясы, медицина), банк жана социалдык тармактарда иштеп жатышат.
Программанын маңызы — жаштарды реалдуу жумуш чөйрөсүнө аралашуусу. Стажер теория менен чектелбестен, өндүрүштүк же каржылык процесстерге түз катышып, командада иштөөнү, мөөнөттү сактоону жана кесиптик стандарттарды өздөштүрөт.
Катышуучулардын окуялары көрсөткөндөй, "Жаштардын стажировкасы" программасы "тажрыйба жок - жумуш жок" деген тоскоолдукка туш болгондор үчүн кесипке кирүүнүн реалдуу механизми болуп калды.
Маселен, Дастанбек Колумбаев Манас шаарынын мэриясында 11 айдан бери юрист болуп иштейт. Ал 2018-жылы Экономика жана ишкердик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Бир топ убакыт жеке тармакта, айрым учурда өз адистигине туура келбеген жумуштарда эмгектенген.
Программа тууралуу ал улуттук телеканалдан угуп, шаардык иш менен камсыз кылуу бөлүмүнө кайрылган. Аны Манас мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына эки айлык стажировкага жөнөтүшкөн.

Ал документтердин долбоорлорун даярдап, жер мамилелери боюнча нормативдик базаны изилдеп, жарандардын кайрылуулары менен иштеген. Стажировкадан кийин конкурстан өтүп, юрист кызматына кабыл алынган.
Ушундай эле мүмкүнчүлүктү Сайрагүл Пазыл кызы да пайдаланды. Жалал-Абад колледжин “каржы-насыя” адистиги боюнча бүтүргөн соң турмушка чыгып, декреттик өргүүгө кеткен. Балдары чоңойгондон кийин жумуш издеп баштаганда көпчүлүк иш берүүчүлөр стаж тууралуу сурашкан.
«Кайсы жерге барбайын, “иш тажрыйбаң барбы?” деп сурашты. Менде иш тажрыйба жок болчу», — дейт ал.
Сайрагүл айым "Жаштар стажировкасы" долбоору жөнүндө кокусунан угуп калып, арыз берүүнү чечкен. Аны Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесине эки айлык стажировкага жөнөтүшкөн. "Стажировкага келгенде, мен үчүн жөн гана тажрыйба алуу маанилүү болчу. Бирок бизге стипендия төлөнгөнү да жакшы болду. Адатта, стажерлорго эч нерсе төлөнбөйт, ал эми мен программанын алкагында Эмгек министрлигинен айына сегиз миң сомдон ашык акча алып турдум", - дейт Сайрагүл айым.
Бир айдан кийин мекемеде бош орун ачылып, ал туруктуу жумушка алынган. Бүгүн өз кесиби менен иштеп, эмгек жамаатын кесиптик тирек катары баалайт.
«Мен бул долбоорго жана мени жумушка орношууга жардам берген бардык кызматкерлерге терең ыраазычылык билдиргим келет. Азыр менин жакшы жумушум, жакшы кесиптештерим бар. Долбоор жаштарга жумуш табууга жардам берүүнү уланта берсин», — дейт Сайрагүл айым.
Бул эки окуя тең стажировка карьеранын башталышындагы негизги тоскоолдукту — тажрыйбанын жоктугун алып саларын көрсөтүп турат. Жумуш берүүчү үчүн бул талапкерди иш жүзүндө баалоо мүмкүнчүлүгү, ал эми катышуучу үчүн кесиптик даярдыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк.
Окуудан реалдуу жумушка чейин
Сентябрдан тарта "Жаштар стажировкасы" программасынын экинчи этабы башталды. Биринчи этап диплому бар бүтүрүүчүлөргө багытталса, эми программага кесиптик билими жок жаштар да катыша алышат.
Жаңы модель толук цикл принцибине негизделген: адегенде катышуучу 3,5 айга чейинки кыска мөөнөттүү кесиптик курстардан өтүп, конкреттүү адистик алат. Андан соң 6 айга чейин уюмда же өндүрүштө стажировкадан өтөт. Ар бир стажерго насаатчы бекитилип, реалдуу тапшырмалар жүктөлөт.
Стажировка мезгилинде мамлекет стипендия төлөйт. Бул каржылык колдоо жаштарга окууга жана адаптацияга көңүл бурууга шарт түзөт. Ийгиликтүү аяктагандан кийин иш берүүчү туруктуу жумушка кабыл алат. Ошентип, “окуу — практика — жумушка орношуу” деген так траектория түзүлөт.
Программа өлкөнүн 30 пилоттук шаарларында жана райондорунда ишке ашырылат. Ага 16 жаштан 35 жашка чейинки иштебеген жана кирешеси жок, кыска мөөнөттүү окуудан өтүп, андан кийин стажировкадан өтүүгө жана жумушка орношууга даяр жаштар катыша алышат.
Негизги шарт — жумуш менен камсыз кылуу кызматында каттоодон өтүү. Каттоодон жашаган жери, турган жери же кайрылган жери боюнча — пилоттук шаарлардын жана райондордун биринде өтсө болот. Бул программага катышуу үчүн милдеттүү биринчи кадам. Каттоо үчүн паспорт (ID-карта), эмгек китепчеси (эгер бар болсо) жана билими тууралуу документтер керек.
Расмий иштеп жаткан, киреше алып, салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөгөн жарандар программага катыша албайт. Ошондой эле стажировкадан кийин туруктуу иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок студенттер да катыша албайт.
Экономика прикладдык көндүмдөргө муктаж болуп турган шартта стажировка атаандаштыкты жокко чыгарбайт жана тез эле жогорку кирешеге кепилдик бербейт. Бирок ал эң маанилүү маселени — биринчи расмий иш тажрыйбасын чечет. Демек, бул программа бизнес талап кылган практикалык көндүмдөр менен жаш адистердин биринчи жумуш ордуна болгон муктаждыгын камсыз кылган механизм болуп саналат.



